Кара-Балтада айдоочу рулга ээ боло албай кырсыкка кабылды. 1 адам каза болуп, дагы бирөө жаракат алды
Чүй облусунун Кара-Балта шаарында айдоочу рулду башкара албай кырсыкка кабылды. Анын кесепетинен 1 адам каза болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Белгилүү болгондой, ВАЗ 2107 унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдун жээгинде токтоп турган сүт ташуучу унааны сүзгөн.
"Кырсыктын кесепетинен 1 эркек киши каза болгон (аты-жөнү такталууда) жана 2000-жылы туулган А.Э. аттуу эркек киши жаракат алды. Куткаруучулар жеткенге чейин жабырлануучуну "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилди. Ал эми куткаруучулар каза болгон жарандын жансыз денесин унаадан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп айтылат билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.