super.kg logo

Ысык-Көлдүн эки тургуну катуу сабалып ооруканага түштү. Шектүүлөр уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү

 

Ысык-Көл облусунда денеге оор залака келтиргенге шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-январь күнү болжол менен саат 20:30 чамасында Балыкчы ШИИБине шаардык ооруканадан билдирүү түшүп, анда 31 жана 32 жаштагы эки тургун денелеринен учтуу нерсе менен оор жаракат алганы маалымдалган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон. Ден соолукка келтирилген залалдын оордугун аныктоо максатында соттук медициналык экспертиза дайындалган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө иштери жүргүзүлүп, Ысык-Көл ОИИБинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү жарандардын аты-жөнү аныкталган.

Алар Ысык-Көл облусунун 30 жаштагы Б.Б. жана 28 жаштагы И.И. аттуу тургундары. 16-январь күнү Балыкчы шаарынын кире беришинде милиция кызматкерлери тарабынан шектүүлөр бара жаткан унаа токтотулуп, колго түшүрүлгөн. Сот тарабынан баш коргоо чарасы кабыл алынганга чейин, кылмышка шектүү катары кармалгандар Балыкчы ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө амалдары уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: