“Маданиятты көтөрөлү десек, маданият эмне экенин баарыбыз түшүнүшүбүз керек”,- дейт Раев
“Маданиятты көтөрүү үчүн бардык жарандар маданият деген эмне экенин түшүнүшү керек”,- деди маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев ЖКнын 20-ноябрдагы жыйынында. Министр, тармактагы көйгөйлөрдү бир күндө чечип коюу таптакыр мүмкүн эмес деген ойдо.
“Бул көйгөй өнүккөн өлкөлөрдө деле бар. Муну системдүү түрдө аракет кылып гана чечүүгө болот. Менин колумда сыйкырчы таяк болсо, азыр эле көйгөйдүн баарын чечип коймокмун”,- дейт Раев.
Раев өзү башкарган министрликте иш кагаздарынын 89 пайызы кыргыз тилинде жүрө турганын да кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

