super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров: "Октябрь окуяларында биз бир да мекемени басып алган эмеспиз"

 

Президент Садыр Жапаров “Вечерний Бишкек” басылмасына маек курду. Анда октябрь окуяларына кеңири токтолуп, Камчыбек Ташиевди жана аны 2020-жылдын октябрындагы баш аламандыктар боюнча жоопко тартууну талап кылгандарга жооп берген.

“Биз кылмыш кылып кайсы мекемени басып алдык эле? Асановго окшоп ИИМди бир жума, башкаларына окшоп башка мекемелерди он күндөп басып олтурган эмеспиз. Тескерисинче "өлкө боюнча басып алган мекемелерди бошоткула, башчысы качып кеткен болсо, орун басарлары иш алып барып турсун, мамлекеттин иши бир мүнөт дагы токтобосун" деп кайрылып жаттык го. Бир айнекти сындыртпастан, бир дүкөндү тонотпостон баарын аман-эсен сактап калдык. Бизди угуп, ошол күндөрү тартип сактап берген ар бир жараныбызга учурдан пайдаланып миң мертебе ыраазычылык билдирем.

Биз баарын укуктук талаадан чыкпай жасадык. Биринчи кезекте, мыйзамдардын негизинде парламент аркылуу премьер-министр болуп шайландым. Андан кийин президенттин милдетин аткаруучу болдум. Ошентип баарын мыйзам чегинде тынчтык жолу менен түздөп кеттик. Эгер чогулган элдин койгон талабын аткарып, Ак Үйгө барып олтуруп алып чечимдерди кабыл ала баштаганымда, анда мен убактылуу өкмөттүн катасын кайталамакмын. Дүйнөлүк коомчулуктун мени кабыл алуусу узакка созулуп кетмек.

Ошол күндөрү чогулган эл мага катуу талап койду. Азыр эле президенттин креслосуна отургузабыз деп президенттин кабинетине алып киришти. Дароо чечимдерди кабыл ала башта дешти. Мен макул болгон жокмун. Мыйзамдуу жолдор менен кетели деп элди араң көндүрдүм. Ошентип биз бир да мекемени басып алган жокпуз.

Ал эми 9-октябрь боюнча айтсам. Атамбаев баштаган топ ачык эле баш аламандык кылабыз деп аянтка келишпеди беле. Сот, прокурорлоду террордук жол менен коркутуп, сабап кеткендер да болду. Алардын баарынын пландары, сүйлөшкөн сөздөрү - аудиоматериалдары тергөөдө сакталып турат. Ошол үчүн баары жоопко тартылып жатышат”, - деген Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: