super.kg logo

Чүйдө мектептин спорт залына уурулукка киргенге шектелип 4 жаран кармалды. Алардын экөө өспүрүм

 

Чүй облусунун Москва районунда уурулукка шектелип 4 адамдан турган топ кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр 6-январдан 7-январга караган түнү орто мектептин спорт залынын кире бериш эшигин талкалап киришкен. Спорт залда жайгашкан спорттук шаймандарды, музыкалык аппаратураны, жылыткычтарды жана башка бир катар тиричилик буюмдары уурдалган.

Аталган факты Москва РИИБинде каттоого алынып, сотко чейинки териштирүүлөр башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы кылмышты жасоого шектүү катары 16 жаштагы Ж.А. жана Б.Ш., 19 жаштагы У.Р. жана В.Р. аттуу жаран кармалган.

Учурда милиция кызматкерлери жогорудагы адамдардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугун текшерүүдө. Тергөө иштери улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: