super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Казакстанга кыргыз аскерлерин жиберүү чечими кантип кабыл алынганын айтты

 

Казакстанга Кыргыз аскерлерин жиберүүгө байланыштуу жаралган кызуу талкуу тууралуу президент Садыр Жапаров оюн билдирди. “Вечерний Бишкек” басылмасына берген маегинде мамлекет башчысы аскерлердин баруусу эл аралык милдеттенме болгонун, андан баш тартуу өлкөгө көп кедергисин тийгизмектигин айткан.

Биз элдик толкундоолорду басыш үчүн жиберген жокпуз. Стратегиялык объектилерин кайтарып берүү үчүн гана жибердик. Казакстандын президенти ЖККУга кайрылды. Кайрылгандан кийин биз жардам беришибиз керек. Анткени эл аралык келишимдерди аткарабыз деп милдеттенме алып, кол коюшуп эл аралык уюмдарга киргенбиз. Эгер милдеттенмелерибизди аткарбасак, анда бизди башка мамлекеттер мамлекет катары көрбөйт эле.

Силерге кыйынчылык түшкөндө биз барбайбыз, а бизге кыйынчылык болгондо силер келип тургула деген бир жактуу өзүмчүл мамиле кылган болмокпуз. Баарын майдалап айтып олтурбайын, көп жактан бизге минус болуп калмак”, - деген мамлекет башчысы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: