super.kg logo

Эксперттер мунайдын баасынын өсүшүн болжолдошууда

 

2022-жылдын башында мунайдын наркы 10 пайыздан ашык өстү. "Brent" мунайынын баасы бир баррелине 86,6 долларга чейин кымбаттады. Бул Ливия менен Казакстандагы геосаясий чыңалуудан улам айрым ОПЕК+ (Нефтини экспорттогон өлкөлөрдүн уюму) мамлекеттеринен сунуштун азайышы менен шартталган.

Эске салсак, Ливия, Казакстан дүйнөдөгү мунайды экспорттогон ири 10 өлкөнүн катарына кирет. Мындан тышкары баанын көтөрүлүшүнө Американын мунай институтунун маалыматы боюнча, АКШдагы мунайдын жана мунай продуктуларынын запасы төмөндүгү да таасир эткен.

Дүйнөлүк эксперттердин божомолу боюнча, 2022-жылы мунайдын котировкасынын деңгээли бир баррелине 80-120 доллардын чегинде өзгөрөт. Кыска мөөнөттө мунайдын чектелүү болушунун негизги фактору болуп акыркы 2 жылда мунай секторуна инвестициянын олуттуу кыскарышы болуп эсептелет.

Эл аралык биржаларында мунайдын дүң баалары да өсүүдө. Дүйнөдөгү баа Кыргызстандагы күйүүчү-майлоочу майдын өздүк наркына түздөн-түз таасирин тийгизет. Анткени мунай продуктуларынын көлөмүнүн 95 пайыздан ашыгы импорттолот.

Өткөн жылы Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы мунай жана мунай продуктуларын жеткирүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго кол коюлган. Ошондой эле 2021-жылга индикативдик баланс такталып, 2022-жылга мунай жана мунай продуктуларынын балансы бекитилди.

Эгер мурун Россиядан Кыргызстанга 460 миң тонна бензин жана 485 миң тонна күйүүчү май бажы төлөмсүз ташылып келсе, жаңы индикативдик баланска ылайык, 650 миң тонна бензин жана 550 миң тонна дизель майы бажы төлөмүсүз ташылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: