Жалал-Абадда кар көчкү түштү
Жалал-Абадда кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда саат 17:40 чамасында Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 4-чакырымында жалпы көлөмү болжол менен 50 метр куб кар көчкү түшүп, жол каттам бир тараптуу жабылды. Жерине тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн 1 даана бульдозер тартылып, саат 18:09да жол толук тазаланды. Жабыркагандар жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















