Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу 19 мекеме оңдолуп, 9 мекеменин курулушу жүрүп жатат
Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу 19 мекеме оңдоо-түзөө иштеринен өтүп, 9 мекеменин курулушу жүрүп жатат.
Бул тууралуу 20-ноябрдагы маалымат жыйында саламаттыкты
сактоо министри Динара Сагынбаева билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
“Өкмөт тарабынан 2013-жылы
медициналык имараттарды оңдоо үчүн 456 миллион сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө 19
мекеме оңдоп-түзөөдөн өтүп, дагы 9 мекеме курулуп жатат. Жыл аягына чейин
бардык иштер бүтөт деген үмүттөбүз. Бөлүнгөн каражаттын 85 пайызы колдонулду”,-
деди ал.
Мындан сырткары министрлик инвестиция тартуу
боюнча иш алып барып жатканын кошумчалады.
“2013-жылы Улуттук госпиталдын 150
орундуу корпусу Кытайдан бөлүнгөн гранттын эсебинен оңдолду. Ошондой эле немец өнүктүрүү банкынын жардамы менен Фтизиатрия
борборунун алдындагы референс лабораториясы ишке киргизилди. Сауд Арабия
мамлекети Кара-Кулжа жана Түп районундагы үй-бүлөлүк медициналык
бейтапканаларынын курулуштары үчүн грант бөлдү. Ал эки айдын ичинде ишке
берилет”,- деди Сагынбаева.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
19:51
2025-07-07

Рейтинг:
0

