super.kg logo

"Анын доору бүттү". Назарбаев менен Токаевдин ортосунда айыгышкан сүйлөшүү жүрүп жатканы айтылды

 

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев учурдагы мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев менен өлкөдөгү активдерди кайра бөлүштүрүү боюнча катуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Андагы маалыматта учурда өлкөдө бийлик үчүн күрөш уланып жатат. Казакстандын экс-президентинин мурдагы кеңешчиси Ермухамет Ертысбаев Назарбаев менен Токаевдин сүйлөшүүлөрү уланып жатканын билдирген. Айрым басылмалар Казакстандын биринчи президенти учурда Кытайда экенин жазса, Ертысбаев Назарбаев дагы деле өлкөдө экенин билдирген.

"Албетте, Назарбаевдин доору бүттү", - деген Ертысбаев.

Нурсултан Назарбаев акыркы жолу 28-декабрда Санкт-Петербург шаарында эл алдына чыккан. Анда Назарбав Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушкан.

Эске сала кетсек, Нурсултан Назарбаев Казакстандагы баш аламандык учурунда, тагыраагы 2-3-январь күндөрү өзү туулуп-өскөн Шамалган айылында болгондугу кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
18.01.2022. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Жээнбеков менен Атамбаевдей эле болуп жатышыптыр да. Соке деле президент болгондон кийин Ашаны туйруду го
18.01.2022. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Нурсултан капут
18.01.2022. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Токаев жакшы Адам эмес экен. Назарбаевти жакшына эле пенсяга узатып койсо болмок. Назарбаевтин эмгеги Казакстан учун ото чон
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: