super.kg logo

Жумуш ордунда болбогон кызматкерлер жазаланат. Бишкектеги Ишкерлерди тейлөө борборунун иши сынга алынды

 


Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кокжошев Бишкектеги Ишкерлерди тейлөө борборунун ишин текшерип, жыйын өткөрдү. Ал ишкерлерди тейлөө борборунун ишин катуу сынга алды.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, текшерүү учурунда борбордун айрым кызматкерлери жумуш ордунда болгон эмес.

"Борбор ишкердикти өнүктүрүү үчүн түзүлгөн. Мекеменин ишин кайра баштоо, анын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу жана оперативдүү башкарууну өзгөчө көзөмөлгө алуу зарыл. Жооптуу кызматкерлер маалыматка ээ болушу керек, жарандарды кайра министрликтерге багыттабашы керек", - деди министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары.

Кожошев абийирсиз кызматкерлерге тартиптик чаралар көрүлөрүн кошумчалап, ошондой эле бир аптанын ичинде борбордун ишин, анын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иш-чаралардын планын даярдоого ылайыкташтыруу тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, ишкерлердин көп сандаган арыздарына байланыштуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Ишкерлерди тейлөө борборуна пландан тышкаркы текшерүү менен барган.

Текшерүү учурунда 9 кызматкердин ичинен беш гана мамлекеттик органдын өкүлдөрү иш ордунда болушкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: