Алайда дайынсыз болуп изделип жаткан 71 жаштагы аялдын жансыз денеси суудан табылды

Маалыматка ылайык, 12-январь күнү Гүлчө айылынын тургуну 71 жаштагы аял киши үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгону кабарланган.
Жергиликтүү тургундар өз алдынча издөө иштерин жүргүзүшүп, аталган жарандын кийимдерин Гүлчө суусунун жээгинен табышкан. Бүгүн ИИМдин кызматкерлеринин издөө ишине көмөк көрсөтүү үчүн Алай райондук №68 куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылды.
Бүгүн, 18-январда жерине издөө иштерин улантуу максатында Алай районунан 4 куткаруучу, ИИМден 15 кызматкер жана туугандарынан 3 адам тартылып, саат 11:10до жансыз денени суудан таап, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:47
2025-08-12

10:11
2025-08-12
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.