super.kg logo

Тимур Файзиев: "Асман" шаарын куруу мамлекеттик бюджеттен каржыланбайт!"

 

2021-жылдын жай мезгилинде өлкө жетекчилиги Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарына жакын жерде жаңы Асман шаарын куруу демилгесин колдогону белгилүү болгон. Мамлекеттик дирекциянын түзүлүшү, башкы директорлукка Тимур Файзиевдин дайындалышы интернет колдонуучуларды кайдыгер калтырган жок. Күндөн күнгө жергиликтүү маалымат каражаттары ар кандай жаңылыктарга толуп жатат. Эгерде мурда Асман курулушу "фантазиянын бир түрү" катары кабыл алынса, азыр айрымдар анын ишке ашарына ишене башташты. Экологиялык таза шаар куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору Тимур Файзиевден Асман шаары тууралуу кеңири маалымат алууну чечтик.

- Тимур Азаматович, саламатсызбы? "Асман" долбоору тууралуу кененирээк айтып берсеңиз.

- Асман Кыргызстандын тарыхындагы масштабдуу долбоор. Кыргызстанда гана эмес, бүткүл Борбордук Азиянын бизнес борборуна айлана турган дүйнөлүк жаңы деңгээлдеги шаар. Алдын ала долбоорго ылайык, курулуш Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде 4 миң гектар аянтка пландаштырылган. Болочок шаардын калкынын саны 500 миң адамга чейин күтүлүүдө, ал эми конокторду эске алганда жашоочулардын саны 700 миңге чейин өсүшү мүмкүн.

- Учурдагы кризис абалында эмнеге жаңы шаар куруубуз керек? Чечүүнү талап кылган башка дагы маанилүү маселелер бар да.

- Келгиле, бул суроону стратегиялык жактан карап көрөлү. Асман – Кыргызстанды дүйнөлүк аренага көтөрө турган жана бизнес чөйрөсүн өнүктүрүү үчүн канчалык ишенимдүү оюнчу экенин көрсөтө турган глобалдуу долбоор. Жаңы шаардын курулушу инвестиция тартууну билдирет, чындыгында инвестициянын негизинде долбоор ишке ашат. Ал эми бул курулуш учурунда жаңы жумуш орундары түзүлөт дегенди билдирет.

Кайталап кетсем, "Асман" бардык талаптарга жооп бере турган дүйнөлүк деңгээлдеги шаар. Буга өндүрүштүк жөндөмдүүлүк, өнүккөн жана заманбап инфраструктура жана башка көп нерселер кирет. Биздин берметибиз болгон көл көптөгөн туристтерди өзүнө тартып турганы жашыруун эмес. Долбоорду ишке ашыруу менен биз бир гана туризмди же аймакты өнүктүрүүгө эмес, жалпы Кыргызстандын экономикасына салым кошуп жатабыз. Анткени булар жаңы ишканалар, ошого жараша жаңы салык чегерүүлөрү. "Асман" өлкөбүздүн келечегине ишенимдүү кадам деп эсептейм.

- Шаарды курууга канча каражат сарпталат?

- Алдын ала эсептөөлөр боюнча, шаарды курууга 20 миллиард долларга жакын каражат керектелет. Мен түшүнөм, кээ бирөөлөр үчүн мындай сумма кабыл алууга да оор. Бизде долбоорго инвестиция салууга даяр потенциалдуу инвесторлор бар экенин белгилеп кетким келет, анткени алар долбоордун келечегине жана жайгашкан жердин потенциалына ишенишет.

- Мындай каражат өлкөбүздүн тышкы карызынан да көп. Курулушка акча кайдан келет? Эмне үчүн бул каражатка социалдык мекемелерди курууга болбойт? Мисалы, мектептер, ооруканалар, жолдор…

- Долбоор мамлекеттик бюджеттен каржыланбайт. Ал толугу менен инвестициялардын эсебинен гана камсыздалат. Бул өнөктөш өлкөлөрдөн берилүүчү насыялар дагы эмес. Өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн өзүбүздүн ишканаларыбызды өнүктүрүшүбүз керек. Муну сырттан инвестициялоо аркылуу ишке ашырууга болот. Жөнөкөй сөз менен айтканда, инвестор өз акчасына ишкана куруп, мамлекет да, инвестор да дивиденд алат. Демек, инвестор социалдык мекемелерди курууга эмес, биринчи кезекте пайда табууга кызыкдар. Эгерде биз "Асман" долбоорун ишке ашырсак, анда мамлекет дивиденддерди алып жана бюджетке салыктардан толуктоо болот. Ошого жараша бизде социалдык керектөөлөрдү ишке ашыруу үчүн каражаттар болот. Ал эми инвесторлордун өздөрүнө келсек, биздин команда потенциалдуу инвесторлорду тартуунун үстүндө иштеп жатат.

- Аталган шаарды курууга канча убакыт кетет?

- Алгач кылдат талдоо, экспертиза жана иштеп чыгууну талап кылган долбоордун көлөмүн түшүнүү керек. Бул багыттагы иштер кызуу жүрүп жатат. Үзгүлтүксүз инвестиция менен курулуштун пландаштырылган мөөнөтү 10 жылга чейин болот.

- Коомчулук экология маселесине тынчсызданууда. Курулуш аймакка жана Ысык-Көлдүн өзүнө кандай таасир этиши мүмкүн?

- Биз экологиялык жактан таза шаарды курабыз. Анда энергиянын кайра жаралуучу булактары колдонула турган газдар менен автономдуу транспорт, заманбап канализация системасы бар. Концепциянын өзү жергиликтүү жана дүйнөлүк экологиялык эксперттер менен биргеликте иштелип чыгат. Бул маселе өзгөчө көзөмөлгө алынган, анткени ага баары кызыкдар.

- Учурда кандай иштер жасалып жатат, кандай иштер аткарылды?

- Азыркы этапта биз концепцияны иштеп чыгуу үчүн ар кандай эксперттерди бириктирдик – булар урбанисттер, экологдор, геологдор, архитекторлор жана башка адистер. Стамбул политехникалык университетинин түрк адистери биз менен тыгыз иштөөдө. Мисалы, концепцияны иштеп чыгууга да катышкан түркиялык урбанист SKY Urban Development Management эл аралык бюросунун ээси Сердар Карадаг жакында Бишкекке келип кеткен. Концепция иштелип чыгып, бардык бийлик органдары менен макулдашылгандан кийин шаардын өзү курула баштайт. Кошумчалай кетейин, жумушчу топтун бардык ишмердүүлүгү коомчулукка ачык-айкын болот.

- ЖМКларда жерди чет элдиктерге, тагыраак айтканда кытайлык инвесторлорго берели деген маалымат чыкты...

- Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Кыргызстандын жерлери тек гана элге таандык! Жерди берүүгө менин да, өлкө жетекчилигинин да укугу жок! 2022-жылдын 5-январында Кытайдан келген потенциалдуу инвесторлор менен "Асман" долбоорунун алкагында кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр болгон. Менин айткандарым контексттен үзүндү чыгарылып, туура эмес формада коомго сунушталды. Кеп идеяларды жаратуунун алкагында ар кайсы өлкөлөрдүн кичи кварталдарын түзүү, аларды өз өлкөлөрүнүн маданий атрибуттары менен толтуруу идеясы айтылгандыгы жөнүндө гана болгон. Мисал катары жыл сайын миллиондогон туристтерди өзүнө тарткан Бириккен Араб Эмираттарындагы ЭКСПО көргөзмөсүн алсак болот.

Кээ бир адамдар менин аброюма шек келтирүүгө кызыкдар. Менин алдымда өлкө жетекчилиги тарабынан жүктөлгөн жооптуу милдет турат. Тапшырманы бүтүрүп, "жөн гана жаса!" принциби менен иштөөгө ниеттенип жатам. Мен баарына ачыкмын жана сунушталган идеяларды, анын ичинде сынды угууга даярмын.

- Жаңы шаарда кимдер жашайт? Ал кимдерге арналган?

- Шаарда, албетте, бардык адамдар жашай алат. Ал жерде өзүнүн ден соолугун жана убактысын, ыңгайлуулугун жана коопсуздугун баалаган ар бир адам жашай алат. Долбоорду ишке ашыруу менен шаар өлкөнүн бизнес борборуна айланат деп ишенем. Мен тажрыйбалуу бизнесмен, менеджер жана куруучу катары долбоорду ишке ашыруу үчүн бардык жөндөмүмдү, убактымды жана күчүмдү жумшоого даярмын. Өлкөбүздүн ар бир жараны шаардын келечегине ишене турган күн да келет деп ишенем.

Маектешкен Ниязбек Асылбеков.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(24)
18.01.2022. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Андан көрө, өлкө боюнча толтура гос, и соц обьектер турат союз кезинде курулуп, азыр талкаланып, кулайын деген, ошолорду реконструкциялап, кайрадан курула турганын кайрадан куруп, оңдой турганды оңдоп, ошолорго эле сарптабайсыңарбы ал млрдарды! Чындыгында акылы жок, түркөй бийлик экен булар.
18.01.2022. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
News, кичине башыны иштетсен аларды ким ондоп куруп берет? инвесторлор да пайда тушкон ишке акча сарптайт да
18.01.2022. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Туура айтылган создор. Буйруса Асман шаары зангырап курулуп, олкобуз онугуп осуп кетсин
18.01.2022. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Электр энергия маселеси кандай чечилет болду экен. Кыргызстан азыр эле абоненттер көбөйүп кетти ошондуктан свет тартыштыгы болуп атат деп атышпайбы. Эми бир чоң шаар курулса не деген электр энергия керек болот. Же өзүнчө ГЭС болобу. Же ушул сыяктуу бирдемке.
18.01.2022. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Куруларына көзүм жетпейт, курулса да экология жагына көнүл бурулуп жана кыргыз жарандарына сатылса экен деги
18.01.2022. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Э Асман шаарын менен жерге киргир!Элдер таза сууга жетпей отурса,булардын оюн кара иттердин!
21.01.2022. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dembele84, не говори. Абсолютно.
18.01.2022. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кыргыздарга эч нерсе жакпайт озу.шаар курулса жакшы эмеспи кацра,соц,гос объекттер болот да ошонун ичинде.озу кичине мамлекет болсок,6 область,анын ичинде Ош Бишкек эле тузугурок шаар болсо.бизде деле жаркыраган шаар болуш керек да.илгерки союздан калган зданиялар мн отура бериш керекпи.
18.01.2022. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Margo82,Облустардын санын унуттум дегин. Тууганым 7 облус бар болчу Кыргызстанда. Менимче Баткенди унуттуң көрүнөт.
18.01.2022. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Негизи элге эч нерсе жакпайт
19.01.2022. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
MEDER_KULETOV, сени акылдуу десе тупой турбайсынбы, афераларга ишенген........
18.01.2022. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Негатив жазгандар , ниетинерди туздогулочу , наоборот суйунбойсунорбу
18.01.2022. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сонун болмок
19.01.2022. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Башка мамлекеттер учун польза.
19.01.2022. 03:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
ХXI кылымдын АФЕРАСЫ!!! Садыр аферист бийликте турганда, 30 жылда болгон бут афераларды басып откон грандиозный афера кылайын дептир да.......
19.01.2022. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Antiradikal10, Сен олгонундо аттин кыласын.
19.01.2022. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Биринчи суроо:

Орду турмодо болгон уурунун ушул долбоорду жетектоосу эмнени тушундурот? Жооп: Ууру жетектесе созсуз уурулук болот, элдин кулагына лапша илинет, афера болот.
19.01.2022. 03:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Экинчи суроо: Асман шаарды инвесторлор курса, инвестор пайданы кайдан алат? Инвестордун кызыкчылыгы кайсы?

Жооп: Инвестор дегенин пайда табуу учун кайсы бир проектке акча салып пайда табууну коздогон шылуундар. Центерра Голд сыяктуу. Кумтор ишке кирсе алтынга комулуп Швецариияга айланабыз деди эле Акаев. Швецария эмес, Африкага айланып кыргыз дуйнонун торт бурчуна тентип кетти го, буга не дейсинер?
19.01.2022. 03:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Проекттин бугунку болжолдуу баасы 20 МЛРД ДОЛЛАР! Балким кийин ал бул деп 30-40 млрд. долларга чейин кобойуусу да мумкун.

Мейли 20 млрд доллар болгондо да 500 мин адамга ылайыкташкан шаар. Болжолдуу 100 мин уй було жашай турган шаар. Ошондо бул шаар ар бир уй булого 200 мин долларга тушуудо. Эми жооп бергиле, Кыргызстанда канча уй булодо 200 мин доллардан каткан акчасы бар? Ипотекага деп алган кундо да 200 мин кеминде 400 мин болуп кайтарылат.
19.01.2022. 03:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Канча уй-було ай сайын 3-4 мин доллардан кредит толоого даяр?

Негизи эле чонтогундо 200 мин доллар акчан болсо, ошол "Асман шаар" шаарынан ошол акчага 2-3 комната уй алууга даярсынбы?

Эгер менде 200 мин доллар акчам болсо, ошол акчанын жарымына 2 кабаттуу особняк уй тургузуп алмакмын шикарный кылып. Жаны щаардан 2-3 комнат уй алгыча. А силерчи, силер эмне кылмаксынар 200 мин доллар акчагар болгон болсо?
19.01.2022. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Буйруса ИншаАллах Асман шаарын оз козунор менен коргондо аттин дейсинер. Диван баатырлар колунардан келбейби отургула ушакчы катындай ажылдабай.
19.01.2022. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Утопия,түшүңөрдө көрөсүңөр,курулсада эгер, депутат,чиновниктер,коррупцинерлер,чет өлкөлүк байлар жашайт,карапайым Кыргызга жок эч нерсе
Tursunbaev1978 түзөттү 2022-01-19 12:25:14
19.01.2022. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Tursunbaev1978,Биздин мамлекет кедей,Эл бай
Кээ Бир карапайым диплому жок эл.чиновниктен откон бай жашайт.
19.01.2022. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Түшүнбөгөндөргө жөнөкөй мисал,чөнтөгүңдө бир тыйын акчаң жок,карызың аркаңда толтура,анан элге мен жакында чооң үй салам деп мактансаң,билгендер аркасы менен күлөт, бийлик биринчи экономика көтөрсүн,карыздардан кутулсун,анан ишенейли
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: