Токтогул суу сактагычында суу сутка ичинде 37 миллион метр кубга азайды
Бүгүн, 18-январга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 559 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
"18-январга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 559 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 141 метр куб, агып чыгышы 570 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.
Былтыр, 2021-жылдын 18-январында Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 миллиард 358 миллион метр кубду түзгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:47
2025-08-12

10:11
2025-08-12
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.