super.kg logo

Ошто быйыл биргелешип каржылоо долбоорлору көбөйөт

 

Бүгүн, 18-январда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

“Жарандардын бардык кайрылуулары каралат. Бир катар суроо-талаптар боюнча жеринде тиешелүү тармактардын жетекчилерине тапшырмалар берилди. Калктын тынымсыз кайрылууларына ылайык биз тротуарларды, арыктарды курууга жана оңдоп-түзөөгө өзгөчө көңүл бурабыз. Бул иш биринчи кезекте чечүүнү талап кылып турган борбордук көчөлөрдөн башталат. Мындан тышкары быйылкы жылы биргелешип каржылоо долбоорлорунун санын көбөйтүү аракетин көрөбүз. Өткөн жылы буга 15 миллион сом каралса, быйыл 30 миллион сом бөлүнөт”, - деген Ош шаарынын мэри.

Алмаз Мамбетов биргелешип каржылоо долбоорлору менен шаар тургундарынын бир топ көйгөйлөрүн чечүүгө болорун белгиледи. Атап айтканда, көп кабаттуу үйлөрдүн айланасын жакшыртуу, чатырларды жана подъезддерди оңдоо, суу менен камсыздоо жана канализация системаларын реконструкциялоо, балдар аянтчаларын куруу жана башка көйгөйлөрдү жөнгө салууга болот. Бул иштерди каржылоого аткаруу бийлигинен 50 пайыз, жергиликтүү тургундардан 50 пайыз каражат чогултулат.

Жыйындын алкагында “Сулайман-Тоо” МАБынын 2021-жылда аткарган иштеринин жыйынтыгы жана бул жылга планы тууралуу маалымат берилди. Жолугушууда инфраструктуралык жана коммуналдык маселелерди мэрге айтышты. Анын ичинде ички жолдордун абалы, мыйзамсыз объекттер, унаа токтотуучу жайлар, көп кабаттуу үйлөргө домофондорду орнотуу жана таштанды контейнерлерин коюу, жөлөк пул алуу, электр энергиясы жана газ менен камсыздоодогу көйгөйлөр көтөрүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: