super.kg logo
  Саясат  

Парламент комитети санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна Талантбек Имановдун талапкерлигин колдоду

 

Бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна сунушталган Талантбек Имановдун талапкерлигин колдоду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алгач сунушталган талапкер тууралуу маалымат менен президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды. Талкуу маалында депутаттар мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иштеген органдардын ишинин натыйжалуулугун арттыруу, мекемелер аралык электрондук өз ара байланыш системасын жакшыртуу, аймактардагы калкты тейлөө борборлорунун ишин алдыга жылдыруу багытындагы ойлору менен бөлүштү.

Айтылган маселелерден кийин сунушталган Талантбек Имановдун талапкерлиги колдоого алынды.

Андан тышкары тармактык комитеттин мүчөлөрү “Кыргыз Республикасынын жол кыймылы жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү карап, кабыл алды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: