super.kg logo

Иранда бокс боюнча чемпион өлүм жазасына тартылат

 

Иран бийлиги бокс боюнча жергиликтүү чемпион Мохаммад Жавад Вафаеи-Санини 2019-жылдагы нааразычылык акцияларына катышканы үчүн өлүм жазасына тартууга өкүм чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Вафаеи-Сани 2020-жылдын февраль айында кармалган. 26 жаштагы мушкер өкмөттүк имараттарды, анын ичинде өкмөттүк түрмөнү өрттөп, талкалап салган деген шек менен кармалган. Мушкердин жактоочусу соттун өкүмүнө каршы даттанаарын айткан. Социалдык тармактын колдонуучулары бийликти анын өмүрүн сактап калууга чакырышууда.

Мохаммад Жавад Вафаеи-Сани Ирандын өспүрүмдөр арасындагы жана Мешхед шаарынын чемпиону.

Иранда 2019-жылдын ноябрында өлкөдө күйүүчү майдын баасынын кескин көтөрүлүшүнө байланыштуу нааразычылык акциялары өткөн. Жавад Вафаеи-Сани нааразычылык акцияларына катышканы үчүн жабыр тарткан биринчи спортчу эмес. 2020-жылы ирандык грек-рим күрөшү боюнча чемпион Навид Афкари 2018-жылдагы өкмөткө каршы демонстрацияларга катышканы үчүн өлүм жазасына тартылган. Ал режимди кулатуу үчүн атайын топторду түзгөн жана коопсуздук агентин өлтүргөн деп айыпталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.01.2022. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сакта жапжаш жигит экен,эл нааразы болсо олумго тартканы туура эмес.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: