super.kg logo

3 күндөн бери Баткенде 15 жаштагы эки өспүрүм дайынсыз болуп изделүүдө

 
Баткендин Сүлүктү шаарында эки өспүрүм дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга 50 жаштагы тургун арыз менен кайрылып, анын 2007-жылы туулган уулу Жоламан Алимбаев Сүлүктү шаарындагы үйүнөн 16-январь күнү "досумду чакырып келейин" деп саат 10:00 чамасында чыгып кеткен бойдон кайрылып келбегендигин билдирген.
Белгилери: Бою 160-165 сантиметр, чачы узун, дене түзүлүшү арык чырай.
Кийген кийимдери: Ак түстөгү жемпир, кара булгаары күрмө, кара түстөгү шым, ак-кара түстөгү спорттук бут кийим.
Ал эми ошол эле шаардын тургуну 16-январь күнү эртең менен саат 08:30да үйүнөн жумушка кетип бара жатып, уулун ойготуп коёюн деп киргенде анын 2007-жылы туулган уулу Кылычбек Камалов бөлмөсүндө жок экендигин көрүп, Сүлүктү ШИИБине арыз менен кайрылган.
Белгилери: Бою 155-160 сантиметр, чачы, кашы, көзү кара, дене түзүлүшү арык чырай, акыл-эси соо.
Кийген кийимдери: Кара түстөгү жемпир, кара күрмө, кара шым жана кара түстөгү спорттук бут кийим.
Жогорудагы 2 факты Сүлүктү ШИИБине катталып, издөө иштери жүрүп жатат.
Кимде ким сүрөттөгү өспүрүмдөрдү көрүп билген болсо төмөнкү телефондорго чалууну милиция кызматкерлери өтүнөт.
Байланыш номерлер: 03653 5-06-51, 0220 79-35-03.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: