super.kg logo
  Саясат  

"Камчы иним, Адахан иним". Азимбек Бекназаров Адахан Мадумаров менен Камчыбек Ташиевге кайрылды (видео)

 

Кыргыз өлкөсүнүн Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров видео кайрылуу жасады.

Кайрылуусунда элчи Малайзиядан атайын Адахан Мадумаровго каршы көрсөтмө берүү үчүн келген деген ушактар чыгып жатканын айтып, УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге жана Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровго кайрылды.

"Урматтуу мекендештер! Мени Мадумаровго каршы көрсөтмө берүү үчүн келди деген пиар боюнча түшүндүрмө берип коёюн дедим. Мындан эки жыл мурда Адахан мырзанын мени элчиликке сатылып кетти деген сөзү боюнча маалымат жыйында жооп берген сөзүмдү эки жылдан бери Адахан Мадумаровго каршы саясатта пайдаланып жүрүшөт.

Ошол сөзүмдү тактап коёлу деген тергөөчүлөргө макул болсом, бийлиги дагы, Адахан мырза дагы ошону саясат кылып жатат. Мекендештер, мен Адахан Мадумаровго каршы көрсөтмө берүү үчүн келген жокмун. Мени прокуратура декабрь айында Июнь окуясы боюнча чакырган. Мен ыңгайлуу учурда барам деп, мына азыр келдим. Ошон үчүн суракка барып жатам. Мен Адахан Мадумаровго каршы көрсөтмө берүү үчүн келген жокмун.

Урматтуу Камчы иним, Адахан иним! Бир жул мурда Баткен окуясын, чек ара сырын сактабаган чырыңарды эми тергөөнүн сырын бузуп, элдин башын оорутуп чыр кылалы деп жатасыңарбы? Сурак кылганың дагы, бергениң дагы мыйзамды сактап, элдин башын оорутпай, жөн бербейсиңерби", - деди Бекназаров.

Азимбек Бекназаров 17-январда Башкы прокуратурага суракка чакыртылган.






Азимбек Бекназаров Адахан Мадумаров менен Камчыбек Ташиевге кайрылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: