Депутат өлкөдө канча айыл интернет менен камсыз болгонуна кызыкты
Бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңеште санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна Талантбек Имановдун талапкерлиги каралууда.
Жыйында депутаттар Талантбек Имановго санариптештирүү жаатындагы суроолорду берип, сунуштарын айтууда.
Анда депутат Чолпон Султанбекова өлкө аймагындагы айылдардын канча пайызы интернет менен камсыз болгонуна кызыкты.
Талантбек Иманов өлкө аймактары боюнча айылдардын 95 пайызы интернет байланышы менен камсыз болгонун айтты.
"Азыркы учурда айылдардын 95 пайызы интернет байланышы менен камсыз болгон. Ушул жылы калган 5 пайыз айылды интернет менен камсыз кылабыз", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

