super.kg logo

Инспектордун огунан каза тапкан Чыңгыз Абдыраевдин өлүмү: Соттук отурум кийинкиге жылдырылды

 

Бүгүн, 19-январда Бишкектин Свердлов райондук сотунда Чыңгыз Абдыраевдин өлүмү боюнча соттук отурум кийинкиге жылдырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, отурумга айыпталуучулардын биринин жактоочусу келбегендиктен отурум 1-февралга жылдырылды.

Маалымат үчүн:

Окуя 27-августта саат 21:30 чамасында Жибек Жолу кең көчөсү менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде орун алган. Анда милициянын кайгуул кызматынын инспектору менен айдоочунун ортосунда уруш чыгып, инспектор кокусунан аны атып алган. Айдоочу алган жаракатынан улам көз жумган.

Аталган окуя 321-берененин бөлүктөрү ("кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "ошол эле жосун", "курал же атайын каражаттарды колдонуу", "кокусунан ден соолукка оор зыян келтирүү") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кийинчерээк инспектор киши өлтүрүү фактысы боюнча кармалып, ага карата "баш калкалоо", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "адам өлтүрүү" фактылары боюнча кошумча сотко чейинки 3 өндүрүш иши катталганын, тергөөнүн жүрүшүн Камчыбек Ташиев жеке көзөмөлүнө алганын УКМКдан кабарлашкан. Мындан тышкары дагы 3 кайгуул кызматкери өзгөчө оор кылмышты жашырып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелип кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: