Эпидемиологиялык абалга байланыштуу Чүйдө чектөөлөр киргизилди
Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Чүй облусунда чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Нурлан Байганаев тарабынан белгилүү болду.
Айтымында, чектөө белгисиз мөөнөткө чейин киргизилип жатат.
"Кафе, ресторандардын ишине чектөө киргизилип жатат. Андан тышкары аймактагы ишкана, мекемелердин кызматкерлеринен оору аныкталса, ошол жайлар карантинге жабылат. Биздин мекеме менен милиция кызматкерлери тез-тезден рейд жүргүзүп турушат", - деди ал.
Белгилей кетсек, соңку 24 саат аралыгында коронавирус инфекциясы Чүй облусу боюнча 141 адамдан аныкталды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:47
2025-08-12

10:11
2025-08-12
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.