"Муну билбейт экенмин". Талантбек Иманов УКМКдан кылмыш иши козголгону боюнча жооп берди
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев санариптик өнүктүрүү министри кызмат ордуна сунушталып жаткан Талантбек Имановго "УКМКдан кылмыш иши козголуп, кыскартылыптыр. Бир ай абакта жаткан экенсиз. Кайсы иш боюнча эле?" деп суроо берди.
Талантбек Иманов "Мен жаткан эмесмин. Кайсы жакта жазылып турат? Муну билбейт экенмин", - деп жооп берди Иманов.
Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында санариптик өнүктүрүү министри кызматына Талантбек Имановдун талапкерлиги каралууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
-1

