“Маданият, маалымат жана туризм министрлиги иштеринин 70 пайызын акчасыз жасайт” дейт Султан Раев

Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев 20-ноябрдагы парламент жыйынында “биздин министрлик иштердин 70 пайызын акчасыз жасайт” деди. Айта кетсек, жыйында депутат Каныбек Осмоналиев министрликтин ишин сындап: “Урматтуу министр, экөөбүз абдан жакшы мамиледебиз. Керек болсо тууганбыз. Бирок чындыкты бетке айтып, бири-бирибизге жаман көрүнсөкда, мындан эл гана утат. Баарына эле акча жок деген шылтоону айта бересиңерби? Акчасыз деле иштерди жасаса болот. Акчадан башка да баалуулуктар бар”,- деди. Буга министр:“Акчасыз мекемеде иштеп көрсөңүз билесиз”,- деген жооп узатты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

