super.kg logo

Чүйдө чек ара аймагынан илбирстин териси менен баш сөөгү алынды

 

Чүйдө чек арачылар илбирстин терисин аныкташты. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашат.

"Чек арачылар Чүй облусунун Чалдыбар айылынын Казакстан менен чектеш аймактарына көз салуу учурунда, мамлекеттик чек араны көздөй мүшөк көтөрүп бара жаткан эркек адамды байкашкан. Чек арачылар шектүү жаранды кармоого аракет көрүшкөндө, ал мүшөктү чек арадан алыс эмес жерге ыргытып качып кеткен.

Мүшөктөн илбирстин териси жана баш сөөгү табылды. Учурда шектүү жаранды аныктоо, кармоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Тиешелүү иш кагаздары толтурулуп, илбирстин териси жана баш сөөгү мындан аркы териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдын кызматкерлерине өткөрүлдү", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
19.01.2022. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кармап туруп камаш керек сөзсүз
19.01.2022. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Откондо эле Инстаграмда журду эле го, машина менен кубалап журушкон. Казакстан менен Кыргызстандын чек арасында деп жазылып жургон. Ошону олтуруп тынышкан го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: