Орок жаңы конушунда чыккан курт-кумурскалардын чоо-жайы айтылды
Чүй облусунун Орок жаңы конушунда чыгып жаткан белгисиз курт-кумурскалар зыяны жок экени аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жылуу аба ырайына байланыштуу бул курттар жердин астынан жаз мезгилине чейин ойгонуп чыгышты.
Булар жашыл чөп менен азыктанып, шаардын ичинде дагы кездешүүсү мүмкүн.
Энтомологдордун айтышы боюнча, аба ырайынын өзгөрүлүшү менен күндүн суукташынан бул курттар көтөрө албай өлүшү мүмкүн", - деп жазылат мэриянын маалыматында.
Ошондой эле курт-кумурсканын кайдан чыкканын аныктоо үчүн адистер жерине барары кошумчаланды.
Белгилей кетсек, буга чейин Орок жаңы конушунда жашаган тургундар белгисиз курт-кумурскалардын пайда болгонун айтышкан.
"Орок" жаңы конушунда белгисиз курт-кумурскалар пайда болду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(1)
Kari

20.01.2022. 04:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аба ырайынын ысыганынан ушушча коп курт кумурска бир эле айылдан суйлошуп алышып чыгышыптырбы?Аныгыраак изилдоо керек.Анан дагы элге тааныш эмес туру го.Кайдан келип калды кыштын кунундо?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.