super.kg logo
  Саясат  

Дастан Жумабеков акыркы 10 күндө дары-дармектин баасы кымбаттаганын айтты

 

Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Дастан Жумабеков коронавирус илдети күчөгөн мезгилде дары-дармектин баасы кымбаттаганын айтты.

"Жарандарыбыз ооруганда үйдө жат деп айттыңыз. Ал кайсы дары менен дарыланат? Буга тийиштүү протокол барбы же сен ооруп туруп айыгып кетериңе ким кепилдик берет?

Өлкөдө коронавирус илдети күчөгөн учурда, тагыраагы акыркы 10 күндө дары-дармектин баасы дагы кымбаттады. Ушул маселени көзөмөлдөп коюңуздар", - деди депутат.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирус илдетин жеңүү үчүн коллективдүү эмдөөдөн өтүү экенин билдирди.

"Коронавирус илдетин жеңүү үчүн тек гана эмдөөдөн өтүү зарыл. Эгер биз калктын 70 пайызын эмдөөдөн өткөрө алсак, санитардык нормаларды сактасак, анда коркунуч жаралбайт болчу", - деп билдирди Бейшеналиев.

Жыйында министрлер кабинетинин орун басары Эдил Байсалов өлкөдө карантин чараларын киргизүүдө эч кандай майнап чыкпарын билдирди.

"Мурун бир мекемедеги бир адамдан илдет чыкса, толук карантинге алынчу. Азыркы учурда карантин чараларын киргизүүдө эч кандай майнап чыкпайт. Илдет кенен жайылды. Ошондуктан алгоритмге өзгөртүүлөрдү киргиздик", - деп билдирди Байсалов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: