super.kg logo
  Саясат  

"Ак кеме" мейманканасы кайрадан медицина кызматкерлери үчүн обсервация болот

 

"Ак кеме" мейманканасы кайрадан медицина кызматкерлери үчүн обсервация болот. Бул тууралуу парламент жыйынында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымына караганда, министрлер кабинети буйрук берсе эле обсервация ачылат.

"Министрлер кабинети буйрук берсе, кызыл зонада иштеген медицина кызматкерлери үчүн "Ак кеме" мейманканасы обсервация болот.

Бардык аймактарда бейтаптар үчүн орундар бар. Бишкек шаарында күн сайын 200-400гө чейин орундарды даярдап жатабыз.

Коронавирусту дарылоочу Клексан, Гепарин дарыларынын 3-4 айлык, медициналык кызматкерлердин коргоочу кийимдеринин 4-5 айга жетерлик запастары бар. 2020-жылдагы катачылык орундардын жоктугу болчу. Азыркы учурда аймак боюнча 1086 орундуктар даярдалган. Эгер оору күндөн күнгө көбөйө турган болсо, дагы орундарды даярдайбыз.

Коронавирусту дарылоонун 6-протоколу бүгүнкү күндө бардык медициналык мекемелерге, сайттарга жайгаштырылды", - деп билдирди министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: