super.kg logo

"Империя пиццы" кафесинин алдында милицияга кол салган жарандардын окуясы. Шектүүлөрдү облустук сот камакка алды

 

Бишкектеги "Империя пиццы" кафесинде эс алып жатып милиция кызматкерлерине кол салганга шектелген жарандарды Чүй облустук соту 2 айга камакка киргизди. Бул тууралуу Чүй облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин Аламүдүн райондук соту аларды үй камагына чыгарган. Ал эми кечээ, 18-январда облустук сот шектүүлөрдү СИЗО-1ге камакка киргизди.

Окуянын чоо-жайы:

1-январда Аламүдүн-1 кичи районунда таңкы саат 06:00 чамасында милициянын нөөмөт бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн. Анда эки тарап болуп мушташып жаткан балдарды токтотуу аракет көргөн милиция кызматкерлерине балдар кол көтөргөн. Алар өздөрүн агрессивдүү көрсөтүп, кызматкерлерге баш ийбей, алардын формаларын айрып салышкан. Ошондой эле алар мушташ убагында мас абалында болушкан. Шектүү катары 4 жаран райондук милицияга жеткирилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: