Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду түзүлдү
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду түзүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Аталган чечим Транспорт жана коммуникациялар министрлигине коюлган милдеттерди эффективдүү ишке ашыруу, натыйжаларга жетишүү үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу максатында кабыл алынган.
Мындан улам жана президенттин жарлыгына ылайык, төмөнкүлөрдү түзүү чечими кабыл алынды:
- - Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду;
- - бир катар мамлекеттик ишканаларды жана мекемелерди кошуу жолу менен Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы.
Буга катар төмөнкүлөрдү бекитүү чечими кабыл алынды:
- Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасынын уставы;
- Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызжолтрансдолбоор” долбоорлоо-изилдөө институту” мамлекеттик ишканасынын уставы;
- Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Өндүрүш-инновация борбору” мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо;
- Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду жөнүндө жобо;
- Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын уставы.
Ошондой эле Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы жол-курулушу тармагындагы бир катар ишканалардын укук мураскери болуп эсептелет деп белгиленген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:47
2025-08-12

10:11
2025-08-12
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.