super.kg logo

Президент 2022-жылдын республикалык бюджети жөнүндө мыйзамына кол койду

 

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 22-декабрында кабыл алынган.

Мамлекеттик инвестициялык гранттарды эске алуу менен 2022-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 282,1 миллиард сом өлчөмүндө каралууда.

Белгилей кетсек, номиналдык мааниде республикалык бюджеттин кирешелери 2021-жылдын бекитилген бюджетине карата 63,2 пайызга же 109,2 миллиард сомго көбөйгөн.
2023-2024-жылдар аралыгында республикалык бюджеттин кирешеси тиешелүүлүгүнө жараша 295,8 миллиард сомду жана 312,2 миллиард сомду түзөт.

2022-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 291,2 миллиард сом өлчөмүндө белгиленүүдө, бул 2021-жылдын бекитилген бюджетинен 109,9 миллиард сомго көп. 2023-2024-жылдар аралыгында республикалык бюджеттин чыгашасы тиешелүүлүгүнө жараша 303,5 миллиард сомду жана 303,8 миллиард сомду түзөт.

Республикалык бюджеттин кирешелерин жана чыгашаларын эске алуу менен 2022-жылга республикалык бюджеттин таңкыстыгы 9,1 миллиард сомду же ички дүң продукцияга карата 0,8 пайызды түзөт.

Мында 2023-жылга республикалык бюджеттин таңкыстыгы 7,7 миллиард сом же ички дүң продукцияга карата 1 пайыз деңгээлинде болжолдонууда. Бирок 2024-жылы республикалык бюджеттин профицити 8,3 миллиард сом деп болжолдонууда.

Ошону менен бирге өлкөнүн бардык мамлекеттик башкаруу секторун камтыган 2022-жылга консолидацияланган бюджеттин ресурстук бөлүгү 403,9 миллиард сом деңгээлинде болжолдонуп жатканын белгилей кетүү керек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: