Депутат эл өкүлдөрү суроолорду кайталабоо боюнча эскертүү берүүнү сунуштады
Депутат Мирлан Самыйкожо эл өкүлдөрү суроолорду кайталабоо боюнча эскертүү берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Бул жерде 20 депутат калдык, калган 70и жок. Депутаттарды көзөмөлдөп аягына чейин отуруп бергиле, суроолорду кайталабагыла деп эскертүү берип койсоңор болобу? Министрлер кабинетинин мүчөлөрү бизди сыйлап жатышат. Убактыларын албасак", - дейт Мирлан Самыйкожо.
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев: "Бизде депутаттарга эскертүү берүү укугу берилген эмес", - деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:47
2025-08-12

10:11
2025-08-12
Рейтинг:
0


Талкуу жабык.