Депутат мамлекеттик дарыканаларды ачууну сунуштады
Депутат Жалолидин Нурбаев мамлекеттик дарыканаларды ачууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Жарандар дарыларды арзандатылган баада сатып ала турган мамлекеттик дарыканаларды ачуу керек", - деди депутат.
Анда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев мамлекеттик социалдык аптекалар Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында ачылып, иштеп жаткандыгын айтты. "Азыркы учурда Бишкек шаарында социалдык дарыкана ачуу маселеси чечилип жатат. Бул дарыканаларда дары-дармектердин баасы жеке дарыканаларга караганда 40-45 пайыз арзан", - деди ал.
Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин коронавирус инфекциясынын жайылуусун болтурбоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндөгү маалыматы каралды.





1 |