super.kg logo

Байсалов: "Омикрон жеңил түрдө өтүп жатат, ооругандардын 90 пайызында ооруканага жатууга зарылчылык жок"

 

Коронавирус инфекциясынын жаңы "омикрон" штаммы бүт өлкөгө жайылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

Ал эл өкүлдөрүнө аракеттердин алгоритми өзгөртүлгөнү тууралуу маалымат берди. "Азыр мектептерди жаап, экономиканы чектесек да эч пайда жок. Омикрон келди, тарады, көпчүлүккө жукту. Эгерде мурда кимдир бирөөдөн коронавирус инфекциясы аныкталса, класстарды, мекемелерди жаап салышкан болсо, азыр андай муктаждык жок. Омикрон жеңил түрдө өтүп жатат, ооругандардын 90 пайызында ооруканага жатууга зарылчылык жок. Мындан тышкары оорудан кийин табигый иммунитет пайда болот. Илдетти жеңил өткөрүп жаткандардын бардыгын жаткырып койсок, ооруканаларда орун жок калат. Оор ооругандар үчүн бош орундар калбай калат", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: