super.kg logo

Бишкекте 11 жаштагы окуучуну сүзүп, качып кеткен айдоочу аныкталды

 


Бишкекте 11 жаштагы мектеп окуучусун сүзүп, андан ары из жашырып качып кеткен айдоочу 2 күндөн кийин кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Окуя 17-январда саат 17:30 чамасында Юнусалиев жана Койбагаров көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Анда айдоочу жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өтүп бара жаткан окуучуну сүзгөн. Жабырлануучу алган жаракаттарынан улам ооруканага жеткирилген.

"Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү делинип 1994-жылы туулган А.Т. кармалды. Ал тергөө кызматына жеткирилди. Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - дешет маалымат кызматынан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: