super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда дарыгерлердин жетишсиздигине айлык маянанын аздыгы себеп болууда

 
Бишкекте бүгүн, 20-ноябрдагы маалымат жыйынында Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева “Кыргызстанда дарыгерлердин жетишсиздигине айлык маянанын аздыгы себеп болууда” билдирди. 
Анын айтымында, учурда саламаттыкты сактоо тармагында 700дөй дарыгер жетишпейт. "2013-жылдын 9 айында өлкөнүн саламаттыкты сактоо системине 730 жаңы кызматкер келген, ошол эле маалда 650 кызматкер кеткен. Кыргызстандагы дарыгерлердин жетишсиздиги айлыктын аз болушуна байланыштуу",- деди ал. 
Мындан сырткары бүгүнкү күндө дарыгерлердин орточо айлык акысы 8-10 миң сомдун тегерегинде экенин кошумчалады. Калган медициналык кызматкерлер айына 7-8 миң сом алышат. 2011-жылы дарыгерлердин айлыгы көбөйгөнгө чейин бул көрсөткүч дарыгерлер үчүн 3,5 миң сомду, ал эми калган медкызматкерлер үчүн 1,5-2 миң сомду түзчү.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: