super.kg logo

УКМК бардык мамлекеттик кызматкерлердин дипломун жана жарандыгын текшерет

 

Бардык мамлекеттик кызматкерлердин диплому жана жарандыгы текшерилет. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлердин билими тууралуу дипломдору жасалма жана чет мамлекеттердин жарандыгы эмес экендиги текшерилет. Буга соңку жылдары мамлекеттик кызматка жасалма дипломдор менен келген адамдардын көбөйгөнү себеп болгон.

“Мындай фактылар коомдо активдүү талкууга айланып, мамлекеттик кызматка көлөкө түшүрүп, мамлекеттик башкаруунун бүткүл системасын дискредитациялап, көп учурда айрым ведомстволордун да, жалпы мамлекеттик аппараттын да ишинин оң натыйжаларын терс жагынан көрсөтүп коюуда. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров УКМКга бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлердин арасында билими тууралуу жасалма диплом, күбөлүк, сертификаттардын болушу жана колдонулушу боюнча масштабдуу текшерүү жүргүзүүнү тапшырды”, - деп айтылат маалыматта.

Текшерүү иштери 24-январда башталып, 3 айга созулат.

Буга байланыштуу УКМК жасалма диплом колдонгон же башка өлкөнүн жарандыгы бар мамлекеттик кызматкерлерди өз эрки менен кызматтарын тапшырууга чакырат. Ошондой эле жогорудагы фактылар текшерүүнүн натыйжасында аныкталса, кылмыш-жаза жоопкерчилигине чейин тартуу караларын эскертет.

Пландалып жаткан текшерүү облус, район, айыл аймактардын башчыларын, министрликтердин, түзүмдөрдүн жана аймактык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлерди, министрлер кабинетинин мүчөлөрүн, президенттин аппаратынын кызматкерлерин, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү жана шаардык кеңештердин депутаттарын, ошондой эле укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын кызматкерлерин камтыйт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
20.01.2022. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушундай текшерууну мен колдойм!
20.01.2022. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Депутаттардан баштагыла,сексалюнун орус паспорту бар,строгинодо строй рынокто точкалары бар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: