super.kg logo
  Спорт  

Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алган кезектеги команда Мексика болду

 
Бразилияда өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна акыры жолдомо алган Мексика курама командасы.

2014-жылы Бразилияда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна 31-команда болуп Мексика жолдомо алды. Бул тууралуу ФИФАнын расмий сайты билдирет. Маалыматка ылайык,  Мексика (Түндүк Америка континентинде 4-орунду ээлеген команда) Океаниянын чемпиону Жаңы Зеландияны жооптук оюнда 4:2 эсебинде утуп алды. Мексикалыктардан Орибе Перальта эсебине 3 гол жазды. Бул континенттер аралык беттештердин алгачкысы үстүбүздөгү жылдын 14-ноябрында болгон. Анда Мексика курама командасы 5:1эсебинде утуп алган. Ошону менен 2 оюндун жыйынтыгында 9:3 эсеби катталды. Мексика Дүйнө чемпиондугу үчүн бөлүнгөн акыркы 2 жолдомонун бирине ээ болду. Дагы бир жолдомо ээси бүгүн, 20-ноябрь түнү Уругвай-Иордания беттешинде аныкталат. Бул беттештин алгачкысында Түштүк Америкада 5-орунду ээлеген Уругвай 0:5 эсебинде конокто жеңишке жетишкен. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: