super.kg logo

Бишкектеги Ботаникалык бактын актуалдуу маселелери талкууланды

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Улуттук илимдер академиясынын Э.Гареев атындагы Ботаникалык багынын ишмердүүлүгү менен таанышуу боюнча көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө аталган мекеменин ишмердүүлүгү, ошондой эле Ботаникалык бактын актуалдуу маселелери боюнча маалымат берилди.

Жолугушуунун катышуучулары бул мекемени өнүктүрүүнүн жана үзгүлтүксүз колдоого алуунун актуалдуулугун белгилешти.

Эдил Байсалов илимий ишмердүүлүк үчүн аянттарды жана Кызыл китепке киргизилген флора менен фаунанын ар кандай түрлөрү үчүн мейкиндикти сактоо зарылдыгын белгиледи. Ал белгилегендей, биринчи кезекте Ботаникалык бактын илимий макамын сактоо жана бекемдөө милдети турат.

Андан соң Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте Ботаникалык бакты өнүктүрүү сунуштары айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: