super.kg logo

Эдил Байсалов педагогдордун эмгек шарты менен таанышты

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкек шаарындагы №3 жалпы билим берүү мектебинин жана №138 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин педагогикалык жамааты менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары педагогикалык жамаатка социалдык тармактын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө президенттин жарлыгы тууралуу эскертти.

"Маалым болгондой, быйылкы жылдын артыкчылыктуу милдети катары социалдык тармактын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу болуп саналат. Учурда министрлер кабинети жогорулатуу варианттарынын үстүндө иштеп жатат. Мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча кырдаалды жеринде кененирээк билүү үчүн сиздер менен жеке пикир алышалы деп жатабыз. Президент педагогдордун эмгек акысын жогорулатуудан баштап, социалдык тармактагы абалды толугу менен өзгөртүүгө ниеттенүүдө. Сиздердин айлык акыңыздар жумшалган күч-аракетиңиздерге татыктуу болууга тийиш. Биз билим берүү мекемелеринин инфраструктуралык гана маселелерин чечпестен билим берүү тутумун камсыздоо маселесин да чечүүбүз керек", - деди Эдил Байсалов.

Жыйындын катышуучулары билим берүү тармагындагы актуалдуу көйгөйлөрдү талкуулашты. Мындан тышкары, мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелериндеги кадрдык алмашуулар жана андагы жүктөм маселеси көтөрүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: