super.kg logo

Күйүүчү май кымбаттап жатат. Казакстан Кыргызстанды күйүүчү май менен камсыздоочу өлкө боло алабы?

 

Күйүүчү майлардын баасы 2020-жылдын күз айларынан бери коронавируска байланыштуу чектөөлөрдөн кийин активдүү өсүүдө. Терс тенденцияны биринчи кезекте импорттоочу өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан да сезди. Ушул эле учурда, айдоочулар мындай суроолорду берип келишет:

Эмне үчүн Кыргызстан күйүүчү майды Казакстандан сатып албайт. "SUPER.KG" редакциясы бул маселени чечмелөөгө аракет кылды.

Кыргызстандын күйүүчү май рыногу дээрлик 95% импортко көз каранды. Өкмөттөр аралык келишимдин алкагында жылына Орусиядан Кыргызстанга 1 миллион 100 миң тоннадан ашык күйүүчү май нарк салыгысыз алынып келинип, өлкөнүн керектөөсүн жабат. Эмне үчүн Кыргыз өлкөсү күйүүчү майларды коңшу Казакстандан алып келбейт?

Биринчиден 2021-жылдын башында Казакстан мунай продуктуларын экспорттоого тыюу салган. Мындай чара ички рынокто күйүүчү майдын көлөмүн көбөйтүү максатында көрүлгөн. Ушундай эле чектөөлөр коңшу мамлекетте мезгил-мезгили менен киргизилип турат, бул өз кезегинде Казакстандагы жеткирүүлөрдүн ишенимдүүлүгүнөн шектентет.

Экинчиден, экспортко тыюу алынса дагы, Казакстан бизге товарын базар баасында сатат. Казакстандын бензин жана дизель майын экспорттоого 169 доллар өлчөмүндөгү экспорттук нарк салыгы бар.

Башкача айтканда, казакстандын күйүүчү майлары орусияныкынан арзан болбойт, анткени экспортчулар баа түзүүдө дүйнөлүк котировкаларды жетекчиликке алышат. Эмне үчүн Казакстандын күйүүчү май рыногунда баалар арзан?

Казакстанда күйүүчү майдын ички баасы рентабелдүү эмес. Бул баалар казак өкмөтү тарабынан ички керектөө үчүн гана белгиленген жана чийки мунай экспортунан түшкөн кирешенин эсебинен субсидияланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: