super.kg logo

Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча штабдын кеңешмеси өттү

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча штабдын кезектеги кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Саламаттык сактоо министрлиги учурда өлкөдө орун алган эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат берди.

Андан соң кеңешменин катышуучулары өлкөдөгү карантиндик абалга байланыштуу маселелерди талкуулады.

Атап айтканда, Саламаттык сактоо министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин буйругун кайра карап чыгуу маселеси көтөрүлдү. Анда 2020-2021-окуу жылында окуучулардын реалдуу режимде окуу процессин калыбына келтирүүдө жалпы билим берүү уюмдарынын ишинде коронавирустук инфекциянын жайылышына жол бербөө боюнча санитардык-гигиеналык, эпидемияга каршы чараларды сактоо боюнча иш-аракеттер алгоритми белгиленген.

Мындан тышкары өкмөттүн 2020-жылдын 3-февралындагы №27 буйругун күчүн жоготту деп таануу маселеси каралды.

Эске салсак, буга чейин бул документ республиканын аймагында коронавирус инфекциясын алдын алуу максатында иштелип чыккан.

Жыйындын соңунда Саламаттыкты сактоо министрлигине калкка өз учурунда сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүнү камсыз кылууну күчөтүү, ошондой эле калкты эмдөө өнөктүгүн улантуу тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: