Республикадагы ооруканаларда COVID-19дан 1075 бейтап дарыланууда. Анын 359у оор абалда
Бүгүн, 21-январга карата республика боюнча COVID-19 илдетинен 284 бейтап сакайды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
"Өлкө аймактарында стационардык дарыланууда жалпы – 1075 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 6429 бейтап бар.
Стационарда дарыланып жаткан 1075 бейтаптын ичинен 4 адам канааттандырарлык, 654 орто оордукта, 359 оор абалда жана 58 бейтап өтө оор абалда", - деп жазылат маалыматта.
Жалпы айыккандардын саны 181 миң 976 бейтапты түздү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















