super.kg logo

Кара-Көлдө тургун кош бойлуу аял отурган унааны айдай качып, үч окуучуну сүзүп кетти

 

Жалал-Абад облусундагы Кара-Көл шаарында тургун кош бойлуу аял отурган унааны айдай качып, үч окуучуну сүзүп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Кара-Көл шаардык бөлүмүнүн жетекчиси Жаныбек Ахмедов билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 20-январда саат 14:30 чамасында Кара-Көл шаарындагы дүкөндөрдүн биринин жанында болгон. Анда жергиликтүү тургун Honda Stepwgn унаасын токтотуп, дүкөнгө кирип кеткен. Унаанын ичинде кош бойлуу аялы жана балдары болгон. Ошол учурда жакын жерде турган дагы бир жергиликтүү тургун унааны айдай качкан.

Ошол учурда ал жерден өтүп бара жаткан 3 окуучуну сүзүп, алыс эмес жакта турган Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү кичи автобусту сүзүп токтогон. Кырсыктын кесепетинен 3 окуучу ар кандай жаракаттарды алып ооруканага жеткирилген. Ал эми унааны айдай качкан адам психикалык жактан жабыркаган адам катары дарыгерлердин каттоосунда болгондуктан атайын ооруканага жаткырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
21.01.2022. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошондуктан ключту эч убакта машинада калтырбаш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: