Акылбек Жапаров Талас облусунда. Ал сүттү кайра иштетүүчү ишканага, Киров суу сактагычына барат
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Талас облусунда жумушчу сапары менен жүрөт. Бул туурасында министрлер кабинетинен кабарлашты.
Сапардын жүрүшүндө Жапаров аймактын өткөн жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктары каралуучу Талас облусунун коллегиясына катышат, "Манас-Ордо" комплексине барат, ошондой эле Кант заводунун жана сүттү кайра иштетүүчү ишкананын иши менен таанышат.
Министрлер кабинетинин башчысы мындан тышкары Киров суу сактагычына барып "Бала-Саруу" гидроэлектростанциясынын курулуш долбоору менен таанышат.
Сапардын соңунда Акылбек Жапаров магистралдык каналды реконструкциялоо иштери менен таанышмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
-1

