super.kg logo

Супер келин! Тик-токту багынткан каскадёр Асаль Сапарбаева менен маек

 
SUPER.KG порталынын маек төрүнүн бул жолку коногу "Супер келин" каймана аттуу өзбекстандык блогер, каскадёр, актриса жана бийчи Асаль Сапарбаева болмокчу. Асаль Сапарбаева 27 жашта. Үй-бүлөлүү. Өзбекстандагы Олимпиадалык резерв окуу жайын жана Дене тарбия институтун бүтүргөн. 16 жыл бою профессионалдуу түрдө көркөм гимнастика менен алектенген. 5 жылдан бери согуш өнөрүнүн ар кандай түрлөрү, паркур, акробатикалык бий, актёрлук чеберчилик менен алектенет. Азыркы учурда блогер, актриса жана каскадёр.

- Саламатсызбы? Айтсаңыз, бир эле учурда көп кырдуу талант экенсиз. Бул өңдүү кесиптердин ээси болууга эмне түрткү берди: сүйүүбү же адреналинби?

- Негизинен кесибим боюнча гимнастика боюнча машыктыруучумун. Бирок мага машыктыруу жакпайт, анткени мен деле физикалык формадамын. Карантинге чейин "Литтос" командасы менен оригиналдуу номерлерибизди дүйнө элдерине тартуулап жүрдүк. Биз келечегибизди бул жааттан көрдүк. Бирок карантин баарын өзгөрттү жана биз өз мекенибизге кайтып келип пандемия учурунда актуалдуу боло турган нерсени издедик. Биз ошентип блогерликке келип калдык. Ал дагы биздин команданы өзүнө тартып алды.

- Жеңиш менен жеңилүү ызасынын даамы кандай, аны бардык адам татып көрүш керекпи?

- Спортчу үчүн жеңиш же жеңилүү кадимки нерсе. Бала кезден эле жылдыз оорусу жок жеңүүгө жана эч кандай таарынычсыз адекваттуу түрдө жеңилүүгө көнгөм. Бул көп убакытты жана өзүңүздүн үстүндө иштөөнү талап кылган татаал процесс. Эң негизгиси бардык адамдар ката кетирерин жана мында тынчсыздана турчу эч нерсе жок экендигин түшүнүү зарыл. Тескерисинче, бул каталардан сабак алып, андан да күчтүү болосуң! Жеңилгенден кийин кайсы жерден ката кетиргениңизди жана жеңгенге чейин сизге эмне жетишпей жатканын түшүнүшүңүз керек. Эгерде сиз муну түшүнсөңүз, анда өзүңүздү колго алып, баарын кайра баштаңыз! Каталарды оңдоп, алдыга жаңы максаттарды коюп, багынбай чокуларды багынтуу керек.

- Гимнастикада күчтүү жөндөмсүз жакшы натыйжаларга жетүү мүмкүнбү?

- Белгилүү болгондой эле жакшы жыйынтыкка жетүү үчүн болуп көрбөгөндөй каалоо, чыдамкайлык жана эмгек керек. Сулуу көздөр үчүн бирөө медаль беришин күтүп отуруунун кажети жок. Эч нерсеге алаксыбай өзүңүздүн үстүңүздөн иштешиңиз керек. Ошондо жакшы жыйынтыкка жетесиз!

- Келиндин образынын идеясы кимге таандык?

- Келиндин образы кокустан пайда болгон эмес. Бизге 1 миллиондон ашык көрүүлөр үчүн тикток тартуу өтүнүчү менен музыкалык лейбл кайрылды. Музыка улуттук болгондуктан улуттук мотив менен келиндин образын берүүнү туура көрдүк. Көп узабай Супер жаш келиндин образы өз көрүүчүлөрүн тапты.

- Карантин жумушуңузга кандай таасирин тийгизди?

- Жогоруда айтылгандай, карантин биздин иш багытыбызга түздөн-түз таасирин тийгизди. Биз өнөр чөйрөсүнөн тез эле блогер болуп калдык. Ошол учурда бардык адамдар онлайн жашашкандыктан бул ишмердүүлүк чөйрөсүнө өтүү жагымдуу мезгил болду.

- Көптөр сизди блогер, спортчу, каскадёр, гимнаст жана бийчи катары таанышат. Сиз өзүңүздү киммин деп эсептейсиз?

- Мен өзүмдү иштин бардык тармагында өнүгүүнү каалаган жана сүйгөн адам катары билем.

- Жолдошуңуз Ярослав Николенко дагы спортчу экенин билебиз. Сүйүктүүңүз менен сизди эмне бириктирди?

- Ярослав экөөбүздү баары бириктирет! Сүйүү, эмгек жана спорт! Биз 24 саат бою биргебиз.

- Сиз рекорд жасоо тууралуу айтып жаттыңыз эле. Келечекте өзүңүзгө, элге кандай пландарыңыз бар?

- Жеке рекорддорду жаңыртуу. Мүмкүн болушунча көп адамдарды спорт менен машыгууга шыктантуу. Санарип жана экшн түрк дүйнөсүндө өз мурасымды калтырууну самайм.

- Эгер сиз спортчу болбосоңуз өзүңүздү кайсы тармактан көрмөксүз?

- Апам менин стюардесса болушумду жана дүйнөнүн төрт бурчуна саякаттоомду каалачу. Бирок мен спортчу болдум жана дагы деле апам каалагандай бүт дүйнөнү кыдырам. Дагы эмне кылсам болот? Мен өзүмдү толук тааный элекмин. Анткени күн сайын өзүм үчүн жаңы нерсени үйрөнөм жана буга чек жок. Интернетте мен бардык өнөрүмдү көрсөтпөйм, бирок алдыда көрсөтөм! Андыктан LITTOS'го жазылыңыз, мотивация алыңыз жана жаңылыктарга көз салыңыз.

- Маегиңиз үчүн чоң рахмат. Сизге ийгилик каалайбыз.


кошулду





Асаль Сапарбаева

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(10)
21.01.2022. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Узбечкабы бул?
21.01.2022. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
МТС болсо керек.
21.01.2022. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Укмуш экен аракети.
22.01.2022. 08:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кыйынды кыйын деш керек. Кыйын келин
22.01.2022. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Келиндерге малай сыяктуу мамиле кылганды токтоткула. Барган жеринен дароо оокатка салып, эшектей иштетип башташат экен. Келиндер малай эмес ар кимдин оокатын жасай бергендей.
Азаматсын Асаль. Ушундай мыкты, эркин, татынакай, сулуу болуп журо бер.
Сулуу болуу ар бир аял кишиге жарашат. Сулуулук баардык ийгиликти арттырат. Ал учун чачынарга мыкты прическа жасатып, жарашыктуу кийинуу керек.
ayzhan12 түзөттү 2022-01-22 10:28:48
22.01.2022. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ayzhan12,
Башкалардан коркуп жашаган кыз-келиндер дайыма кул, малай сыяктуу жашоо өткөрүшөт.
22.01.2022. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
койгула туугандар ар бир адам жакшы ишине да жаман ишине да озу жооп берет, жакпаса жазбай эле коелу куноого батып. Кудайым баарыбызга бекем ыйман берсин,Позитивдуу бололу дайыма
22.01.2022. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен Айжан мн Алимбектин жазган коменттерине ойлоно берип каарып кете турган болдум.Чачты жазып деп тыгыла беришип зб ушулар.
22.01.2022. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Чач)))))))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: