super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров географиялык аталыштарды өзгөртүү боюнча мыйзамга кол койду

 

Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 22-декабрында кабыл алынган.

"Кабыл алынган мыйзам административдик-аймактык бирдиктерге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана айылдарга географиялык объекттерди табууга, изилдөөгө, өнүктүрүүгө же түптөөгө түздөн-түз катышкан адамдардын аттары менен атоо жана кайра атоо учурларына, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин, илимдин, маданияттын жана тарыхий ишмерлердин мамлекетке эмгеги сиңген өкүлдөрүнүн ысымдары, ошондой эле айрым объекттерге жоголгон, бирок мурдагы жана азыркы кеңири белгилүү болгон географиялык аталыштарды кайтарып берүү учурларына жол берүүгө багытталат", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: