Ошто эшиги бекилип калган батирден эркек кишинин жансыз денеси табылды

Ошто куткаруучулар көп кабаттуу үйлөрдүн биринен эркек кишинин жансыз денесин табышты. Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашат.
"Куткаруучулар Увам көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринин бекилип калган эшигин ачышканда, болжол менен 40-45 жаштагы (аты-жөнү такталууда) эркек кишинин жансыз денеси табылды. Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлдү. Эшик ачууга 5 куткаруучу тартылган", - дешти маалымат кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.