Ысык-Көлдө 57 жаштагы кишинин жансыз денеси өзү жашаган батирден табылды

"Каракол шаарынын тургуну (каза болгон жарандын кызы) атасы жашаган үйдүн эшиги ачылбай, телефон чалууларга жооп бербей жатканына тынчсызданып, саат 14:40 чамасында нөөмөт бөлүмгө кайрылган.
Восход кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн бирине барган куткаруучулар бекилген эшикти ачкан учурда, үйдүн ээси 1957-жылы туулган Т.А.В`нын жансыз денеси табылды. Куткаруучулар маркумдун сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Учурда укук коргоо органдары тарабынан тийиштүү иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат", - дешет маалымат кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.