ЖЫЛНААМА, 24-ЯНВАРЬ: Эскимонун эл аралык күнү
24-январь - Эскимонун эл аралык күнү. 1922-жылдын ушул күнү АКШнын Айова штатындагы Онава шаарында жайгашкан таттуулар дүкөнүнүн ээси Христиан Нельсон эскимого патент алган. Бул тарыхый окуяга байланыштуу дал ушул дата майрам катары тандап алынган.
Эскимо - таякчада шоколад менен капталган балмуздак. Айрым тарыхый булактарга таянсак, Байыркы Римде император Нерон эскимону десерт катары жеген. Бирок аталган балмуздактын расмий туулган күнү деп 24-январь, ага патент алынган күн эсептелет. Алгач ойлоп табуучу аны "Eskimo Pie" (эскимостун токочу) деп атаган. Кийинчирээк балмуздак дүйнө жүзүнө тараган соң аталышы жөнөкөйлөштүрүлгөн.
24-январга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.